最近搜索
Tatenam - Kurmanbek_orozo 《Folk Music of Kyrgyzstan, Vol. 3》 HQ
更新时间:2025-06-18 08:31:58
文件格式:mp3
音乐下载
被下架或封杀等部分试听资源与网盘资源可能不一致,请以网盘资源为准
标签
Tatenam - Kurmanbek_orozo 相似推荐
歌词

Кыргыз кыпчак элимдин

Кырылган өчүн албасам

Кырчылдашып калмакка

Кызыл кыргын салбасам

Курманбек атым аттанган

Курусун менин даңазам

Камынайлы жигиттер

Кара таандай калмакка

Өрт жалындай күч менен

Өткөн өчтү алмакка

Өксүгөн элдин айынан

Өткөн күнгө мен капа

Тууган элдин убалы

Мени кантип уктатат

Мындай ишти ойлонсо

Кандай баатыр тынч жатат

Энеден жалгыз туулуп

Эресеге мен жеттим

Жалындуу эрдин белгиси

Жалтанбай тосот жоо бетин

Касташкан душман көп экен

Калкалайлык эл четин

Туйгундарым жүрүгүн

Душмандын көзүн каратпай

Туу көтөрүп чыгалык

Дүнүйө мүлкүн таратпай

Убалын ойлоп илгерки

Уйкудан безем таң атпай

Айланайын кырк жигит

Аттанып чыксак жол болсун

Алдымдан жолум чалаарга

Кырк жигитсиң жолдошум

Бактылуу балбан баатырым

Биз - кырк жигит жакының

Адамдын көөнүн курчутат

Айтып турган акылың

Аталаштан артыгым

Айбаты сүрдүү жакыным

Кыргын салып келгин деп

Калмакты көздөй шилтегин

Кырааным сага тил албай

Кылчаңдасак тилдегин

Жүр десең кошо жүрөбүз

Кир десең кошо киребиз

Жоого сүрдүү береним

Жоругуңду билебиз

Айчылык жолго аттансаң

Амандыкты тилээрбиз

Кыргыйдай илгир болсун деп

Кылыч тактым жанына

Кырк жигитим табылдың

Кырааным менин багыма

Кырылышаар жоо болсо

Кылчайбай киргин жабыла

Жан аябай кирелик

Жат душманга жабыла

Куш салсак бирге салабыз

Курбулаш өскөн балабыз

Куруштуу болсок баарыбыз

Баатырлык такты алабыз

Эч душманга кор кылбай

Элди асырап багабыз