最近搜索
Pickir 3 (Bonus Track, Live Session) - 7Gen 《JUNG GUCK (Explicit)》 HQ SQ
更新时间:2025-06-15 10:18:16
文件格式:flac
音乐下载
被下架或封杀等部分试听资源与网盘资源可能不一致,请以网盘资源为准
标签
歌词

Рэп болбосо не болмок? Аны ким билет?

Ар кимдин жообу башкача!

Ар бир ыр менен жүрөкө жаңы дин кирет

Эгер менин ички дүйнөм адашпаса!

Ким болмокбуз, не кылмакбыз бул музыка болбосо?!

Рэп, Рэгги, Фанк, Блюз, Джазз жана Соул!

Ким болмокбуз, не кылмакбыз бул музыка болбосо?!

Шансон, ДрамнБэйс жана РокнРолл!

Ким болмокбуз, не кылмакбыз бул музыка болбосо?!

Ырахат албайт элемин сапты тизгенде обонго

Канаттандыргандын капкагына чейин толбосо

Башка чөйрөдө жүрмөкмүн, такыр бөлөк жолдордо!

Бир мекемеде мен эмгектенип келгенди элестетпейм

Ансыз деле иштейм, бир мекеменин кызматкериндей!

Рэптин бутактарын кыркпайм, канаттарын кеспейм

Сыртыман рэп окуп акырын, ичимен кыйкырам АСDCдей

Ким болмокбуз, не кылмакбыз рэп музыка болбосо?!

Далай жерди көрдүм, колдо турган кезде микрофон

Саякатчы сездим учуп бара жатып тоолордон

Шүгүр деймин Кудайга, ийгиликти жолоткон!

Кыдырып, кыдырып канча деген адам менен тааныштым

Көрдүм бир аз начар жагын, көрдүм бир топ жакшысын!

Көрдүм кыргыздын эскисин, кыргыздын жаңысын

Эскиси көбүрөөк жакты, келип кетем чакырсаң!

Ким болмокбуз, не кылмакбыз бул музыка болбосо?!

Рэп, Рэгги, Фанк, Блюз, Джазз жана Соул!

Ким болмокбуз, не кылмакбыз бул музыка болбосо?!

Шансон, ДрамнБэйс жана РокнРолл!

Рэп болбосо не болот? Эч нерсе болбойт!

Африкада адамдар тоңбойт агарып калбайт!

Же Снупдоггтун бою кыскарбайт

Эминем жашарбайт!

Нан кымбаттабайт, суу кургап калбайт

Сөзү көп бир макалдай!

Айтам такалбай, сакалсыз аксакалдай!

Пикириңди октоп турасың мени мээлеп аталбай

Жаны жылыңар менен деп каалаймын бакыт таалай!

Жети Жолу Жетиген! Менде дайым ачык маанай!